Оор атлетика боюнча курама команда Дүйнө чемпиондугуна катышат

Маалымдалгандай, Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекдөөлот Расулбеков (102 килограмм) жана Эмил Молдодосов (89 килограмм) Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат.
Мелдеш 3-18-сентябрь күндөрү өтөт.
Ага ылайык, спортчулар улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Белгилей кетсек, курама команда Азия оюндарына жана Дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүү максатында 20-августтан 3-сентябрга чейин Эл аралык окуу машыгуу жыйынын өткөргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.