Каныбек Иманалиев мектеп директорлоруна: "Байыгыңар келсе жеке ишкерлик менен алектенгиле" (видео)
Бүгүн, 6-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин төрагалыгы алдында президенттин 26-майда №136 “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын кечиктирилгис ишке ашыруу боюнча жыйын болуп өттү.
Маалым болгондой, жыйында билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө, мектеп жетекчилеринин пара алуу иштеринен алыс болуусу боюнча маселелер каралды.
Ага ылайык, министр Каныбек Иманалиев мектеп директорлоруна пара алып кармалгандардын айынан кантип Жогорку Кеңшке барып билим берүү тармагына акча каражатын сурай тургандыгын айтты.
"3 мектеп директору уят кылды. Эми мен Жогорку Кеңешке барып билим берүү тармагы үчүн кантип акча каражатын сурайм. Мен деле жөнөкөй айылдын мектеп директорунун баласы болгом. Мектеп директорлору эч качан бай жашаган эмес. Байыгыңар келсе анда жеке ишкерлик менен алектенгиле. Мурда мектеп директорлорун коом да, окуучулар да, бийлик да сыйлап турган. Ошол себептен силерге болгон сый мамилени сактап калгыла. Мугалим статусун эч качан жоготпогула", - деди министр.
Мындан тышкары министр Бишкекте ЖРТ боюнча орточо упай 145 баллга ал эми Ош шаары боюнча орточо упай 150 баллга чейин көтөрүлүшү керек экенин айтты. Себеби быйыл ЖРТ боюнча орто упай өлкөдө 121,8 баллды түзгөн.
Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, мектептерде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу, мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган.
Каныбек Иманалиев мектеп директорлоруна: "Байыгыңар келсе жеке ишкерлик менен алектенгиле"



