Юрий Бобков: "Бутумдан ажырап калуу коркунучу бар эле" (видео)
"Ырдайлы кыргыз ырларын" теледолбоорунун автору, өлкөнүн Эл артисти Юрий Бобков 6 жолу операцияны башынан өткөргөнүн, бутунан ажырап калуу коркунучу болгонун SUPER.KG порталына берген маегинде билдирди.
"Буттан ажырап калам деген коркунуч бар эле. Дарыгерлер бутумду сактап калышты. Операция Орусиянын Новосибирск шаарында болду. Буга чейин бутум эки жолу операция болгон, бул жолкусунда оор эле болду. Жалпы 6 жолу операция болдум. Жардамга муктаж учурумда эл, досторум, балдарым колдошту. Азыр абалым жакшы, жылыш бар", - деди ал.
Ошондой эле ал чыгармачылыгына жаңылык киргизип, келерки жылы чоң долбоорду баштай турганын айтты.
"Чоң тилегим бар. Ушуну мамлекет колдоп койсо, жакшы болот эле. Илгертен бери тилеп жүрөм. 2024-жылы чыгат, буйруса. Мамлекет тараптан колдоого алынса бул дүйнөлүк нерсе болот. Азырынча сыр болсун", - деди Бобков.
Мындан тышкары, ырчы жаш кезиндеги кыялдары, андагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.



