Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн район башчылары жолукту




Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Сох райондорунун акимдери Учкунбек Жоробаев менен Саидбахром Саидмусаев жетектеген тийиштүү делегациялардын жолугушуусу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушуу Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр, Өзбекстандын Сох районунун Шархабад жерлигинде өттү.
Анда эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарда чыр чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алака берекени күчөтүү, эки тараптуу маданий иш чараларды өткөрүү маселелерди карап, кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Андан сырткары, делегация учурда инженердик курулмалар жүрүп жаткандыгына байланыштуу зарылчылыгы бар чек аралаш аймактарга зым тосмолорун куруу, түрдүү тоскоолдуктарга жол бербөө максатында элдерге түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү, чыр-чатактардын алдын алуу жактары сүйлөшүлдү.
Мындан сырткары, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү кабарланды.
