super.kg logo

Пакистанда Кудайга акарат келтирген 5 адам өлүм жазасына тартылды

 

Пакистанда Кудайга акарат келтирди деп айыпталган беш адам өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу The Express Tribune басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, мындай кылмыш иши боюнча сот процесси "киберкылмыштуулук" менен күрөшүү бөлүмү жана Федералдык иликтөө агенттиги тарабынан башталган.

Айыпталуучулардын күнөөсү бар экенине алардын уюлдук телефондорунан табылган видеотасмалары жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү далил болгон.

Бул өкүм мусулмандардын август айында Пенжаб провинциясынын Фейсалабад шаарындагы христиан чиркөөлөрүнө жана христиан коомчулугунун мүчөлөрүнө жасаган кол салуулары боюнча тергөө жүрүп жаткан маалда чыгарылган. Полиция кызматы өлкөдөгү башаламандыктар стабилдүүлүктү бузууга багытталган чет элдик кутумдун натыйжасы деп билдирген.

Эске салсак, акыркы 20 жылда Пакистанда 774 мусулман жана 760 диний азчылыктын өкүлдөрү "Кудайга акарат келтирди" деп айыпталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: