super.kg logo

Эрулан Кокулов министрдин иш бөлмөсүндөгү окуя боюнча түшүндүрмө берди

 

Бүгүн, 6-сентябрда депутат Эрулан Кокулов билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин иш бөлмөсүнө уруксаты жок кирип барганы боюнча журналисттерге жооп берди.

Анын айтымында, ал депутат болсо да, журналист болсо да ар дайым мыйзам менен жүрөрүн айтып, кандай кызматта болбосун элдин көйгөйүн көтөрүп, чечүүгө аракет кылгандыгын белгиледи.

"Мен депутат боломбу, журналист боломбу, блогер боломбу мен ар дайым элдин талабын коргоп келгем жана коргой берем. Менин кыймыл-аракетим, кийингеним боюнча айтылып жатат. Мен деле кээ бир жерлерде макулмун, тилекке каршы эгер мен өзүмдүн мыйзамым менен колдонуп иштебесем анда иштей албайт экенмин бул жерде. Мен ар дайым мыйзамды алып жүрүп, көрсөтүп келем. Ошол эле "Не сахар" долбоорумда да журналистке тиешелүү мыйзамдарды көрсөтүп келгем. Ага байланыштуу Жогорку Кеңеште да менин мыйзамым бар. Мен ар дайым колумда бар мыйзамдарды колдонуп, элимдин укугун коргойм. Ал эми менин сүйлөгөн сөзүм, кылган иш-аракеттерим, кийимим боюнча эч ким мага комментарий бере албайт. Ал чындык. Анткени мен деле силердин кийип жүргөн кийимиңерге тийишпей элемин да туурабы", - деп жооп берди Кокулов.

Мындан тышкары ал билим берүү министринин иш бөлмөсүнө эмне себептен кирип барганы тууралуу, ошондой эле министрликтин бирдиктүү ишеним телефонун ким көтөрүп жүргөндүгүн билгиси келгендигин жана Каныбек Иманалиевдин кызматтан кетүүсүн талап кыларын кошумчалады.

"Мен алардын ишеним телефондоруна тынымсыз чалдым. Эмнеге чоң билим берүү министри чыгып "ишеним номер ушул" деп айтты. Бирок ал ишеним телефон кимде экени белгисиз. Ким алып барып жатат ал номерди? Эмне үчүн иштебеген адамга элди үмүттөндүрүп ишеним номерди берип коюшат? Мен билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылам. Анткени министр окучуулардын, ата-энелердин алдында жооптуу. Мындай нерсени министр кылганга акысы жок. "Ушул ишеним телефону. Ушул телефондо байланыштамын" деп туруп жооп бербей койгон туура эмес нерсе. Мен журналист болуп жүргөндө да, эл өкүлү болсом да бардык кайрылган адамдарга жооп бергенге аракет кылам. Анткени мен аларга өзүмдүн номеримди аманат кылып бергем "мага жазгыла, мага чалгыла, мен силерге жооп бергенге аракет кылам" деп. Билим берүү министрлигине барсам ал берилген телефон кайсы жерде экенин билишпейт", - деп кошумчалады эл өкүлү.

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Эрулан Кокулов билим берүү министри Каныбек Иманалиев кабыл албай койгонун билдирип чыккан. Анда эл өкүлү министрдин кабылдамасына билим жаатындагы бардык маселелер боюнча бирдиктүү ишеним телефон номерине байланыштуу суроолоруна жооп алуу үчүн барганын айткан.






Эрулан Кокулов министрдин иш бөлмөсүндөгү окуя боюнча түшүндүрмө берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.09.2023. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, элдин атынан барды элдей болуп кийинип, анан кайсы карапайым костюм галустук тагынып жүргөнүн көрдүңөр эле?. Анан конституция боюнча макаланын талкуу комментарийин эмнеге өчүрүп койдуңар супер кг? Эл эмне өз көз карашын айтууга укуктуу эмеспи? Бийликке окшоп элге ограничение коюп калдыңарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: