super.kg logo
  Саясат  

Гуля Кожокулова: "Бүтүн Кыргызстан" оппозициялык фракция бойдон калат"

 

“Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык фракция бойдон калат. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү, 6-сентябрдагы жыйынында аталган фракциянын депутаты Гуля Кожокулова билдирди.

Ал өз сөзүндө фракция мындан ары да мыйзамдардын аткарылышын, элге татыктуу жана калыс мамиле жасалышын талап кыла турганын белгиледи. Ошол эле учурда фракция лидери Адахан Мадумаровдун камалышы боюнча парламентке укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакырып, мыйзам чегинде маалымат алууну сунуштады.

Мындан сырткары Мадумаровду камакка алуу мыйзам бузуу менен ишке ашканын айтты.

"Адахан Кимсанбаевичти эч качан суракка чакырышкан эмес. Ал бул иштин токтотулушуна кызыкдар экенин бир нече жолу билдирген. Фракция лидеририн кармалышы - өлкөдө Конституция, мыйзамдар, Кылмыш-процессуалдык кодекс кандай сакталып жатканын көрсөттү", - деди депутат.

Ал эми парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Мадумаровдун иши боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен сүйлөшкөнүн айтты. Өз кезегинде иш мыйзам чегинде териштирилишин талап кыла турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрь күнү Бишкекте кармалган. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги Мадумаров "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча айыпталып жатканын айткан.

Ал эми калаанын Биринчи Май райондук соту депутатты 24-октябрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: