Баткенде Кыргыз эл артисти Апаз Жайнаковдун ысымы орто мектепке ыйгарылды













Баткен районунун чек арада жайгашкан Үч-Дөбө орто мектебине Кыргыз эл артисти Апаз Жайнаковдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, салтанаттын катышуучулары эл артистинин Кыргыз элин, жерин даңазалаган чыгармалары, мамлекеттин гимнине тете болгон обондору түбөлүктүү экенин, миң жылдар алмашса да, бул улуу чыгармалар элдин жүрөгүндө сакталарын белгилешти. Ошол эле учурда жергиликтүү таланттар тарабынан Апаз Жайнаковдун чыгармалары тартууланды.
Белгилей кетсек, чек арада жайгашкан Үч-Дөбө айылына мамлекет тарабынан типтүү мектеп курулуп, 2022-жылы пайдаланууга берилген. Мектепке эл артистинин жеке буюмдары, аккардеону, сыйлыктары да коюлду.
Апаз Жайнаков 1960-жылы Баткен районунун Үч-Дөбө айылында туулган.
1995-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамына татыктуу болгон. Ал эми 2003-жылы Кыргызстандын эл артисти наамы ыйгарылган.
2006-жылы Баткен облустук музыкалык-драма театрын негиздеген. Обончунун көзү өткөндөн кийин анын аты өзү эмгектенген аталган театрга берилген.
Апаз Жайнаков Баткен облусунун гимнинин автору. Учурда анын ысымы өзү жашаган Баткен шаарындагы көчөгө да ыйгарылган.
Обончу 2013-жылы 9-октябрда, 53 жашында оорудан улам көз жумган.



