super.kg logo

Мектептерде быйыл да китептер жетишсиз. Канткенде чечилет? Эксперт жооп берди

 

Жаңы окуу жылы башталгандан тарта социалдык тармактарда ата-энелер балдарынын окуу китептеринин жетишсиздиги тууралуу айтууда. Аталган маселе жыл сайын айтылып келет.

Ош шаарынын тургуну Айнура Рахманованын 6 баласы мектепте окуй турганын айтып, балдарына жок дегенде баш аягы 50гө жакын китеп сатып берерин билдирди. Ошондой эле ал ар бир китептин баасы орточо эсеп менен 350-400 сомдон экенин кошумчалады.

"Менин 6 балам мектеп окуучусу. 28-29-августтан бери балдарыма китеп издейм. Мектептен "Аркус" басмаканасынын китебин аласыңар деп мажбурлап жатышат. Бирок ал басмакананын китептерин табыш аябай кыйын болуп жатат. Ичин карасаң башка басылмалардыкындай эле. Эмнеге аны алгыла деп кыйнап жатышат түшүнбөйм же бирөөнүн жеке бизнесиби деген да ойлор келет. Ал басмакананын бир китебинин баасы 600-650 сомдон. Кудайга шүгүр, мен балдарыма китеп алып бергенге мүмкүнчүлүгүм жетет. Колунда жок, 5-6дан балдары барлар кантет деп кейип жатам да. Ал эми китепке болгон муктаждык көп болгон сайын баалары да асман чапчып бара жатат. Мен балдарыма баш аягы 50дөй китеп сатып алып беришим керек экен. Эми элестеткиле китепке эле 20-25 миң сомдой кетет экен. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл мектеп китептерине болгон муктаждык абдан күч алды", - деди Рахманова.

Ошондой эле социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Бермет Биримкулова да китеп көйгөйү эски көйгөйлөрдөн экенин баса белгиледи.

"Менин кыздарым мектепте окуйт. Чоң кыздарым мектептен китептерин алышты. Башка окуучуларга бир да китеп колдоруна тийбей калыптыр. Мен тааныган ата-энелер эски колдонулган китептерди сатып алып жүрүшөт. Ооба, баштапкы класстагы кызыма математика китебинин 1-2-бөлүгүн 250 сомдон, мекен таануу, алиппе, кыргыз тили, эне тил китептерин сатып бердим. Мен эң аз короткон ата-энелерге кирем. Мен билгенден көптөгөн ата-энелер аябай көп суммадагы акча каражатын коротушту", - деди Биримкулова.

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылы 1 миллион 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгарын жана ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерге борборлоштурулуп жеткириле баштаарын маалымдашкан. Анда бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп экендигин белгиленген.

Ал эми билим берүү маселелери боюнча эксперт Замир Айылчиев китеп көйгөйүн жоюу үчүн министрликтин уюштуруу иштерин күчтөндүрүү керектигин айтты. Ошондой эле ал ата-энелер акчаларын той-топурларга жумшабастан балдарын китеп менен камсыз кылса деген ойдо экенин комушчалады.

"Кыргызстандагы мектептердеги китеп көйгөйү абдан актуалдуу болуп жатат. Эгерде китептер жетишсиз болсо анда окуучулар кандай сапаттуу билим ала алышат деген суроо жаралат да. Албетте, бул нерсенин ичинен иштеш керек. Азыркы учурда өзүңөр билгендей эле Билим берүү министрлигине республикалык бюджеттен эң чоң көлөмдөгү акча каражаты бөлүнөт. Ошол бөлүнгөн каражатты жетекчилер рационалдуу колдонуу аркылуу чечсе болот деп эсептейм.

Азыркы жаңы технологиялардын өнүгүп жаткан учурунда биз бардык китептерди санариптик багытка өткөрүшүбүз керек. Ошол аркылуу биз китеп көйгөйү таңкыстыгын чече алабыз. Мындан тышкары мен билим берүү министрине агартуучулук жааттын күнгөй-тескейин мыкты билген, ошол жакта уктап, ошол жакта ойгонгон адам келиши керек дейт элем. Дал ошондой адам бир чоң өзгөрүүлөрдү алып келе алат.

Бизде азыркы учурда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бул жакта биздин эл аралык өнөктөштөрүбүздүн бири Азия өнүктүрүү банкы. Ал өлкөдөгү билим берүү тармагына опол-тоодой салымын берип келе жатат. Ошол жактан биз чоң финансылык колдоолорду алып, республикалык бюджетке тийбестен китеп көйгөйүн чечсек болот.

Мындан сырткары китеп жаатында ата-энелердин мүмкүнчүлүгүнө жараша тыйын топтосо дегенди да сунуш катары айтып кетет элем. Той-топурларга же болбосо башка жактарга жумшаган акчасын китепке жумшаса деп айтат элем", - деди Айылчиев.

Билим берүү министрлигинин берген маалыматы боюнча республикалык бюджеттен 2023-жылы окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 миллион сом каралган. Алардын ичинен 152 миллион сом республикалык бюджет, 172 миллион сом китептин ижарасынан түшкөн каражат болуп саналат.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: