super.kg logo
  Саясат  

Парламент Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарган  мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

 

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңеш “Кыргызстандын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Аталган мыйзамдын демилгечиси президент Садыр Жапаров болуп саналат. Мыйзам долбооруна ылайык, Конституциялык сот өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот. Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча төмөнкү шарттарда кайра карашы мүмкүн:

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Эске салсак, 3-июлда Конституциялык сот 18 жашка толгон бала атасынын же апасынын атына катталууну өзү тандаса болот деген чечим чыгарган. Аталган чечим коомчулукта кызуу талкууга алынып, көпчүлүк муну улуттук баалуулуктарга каршы келет деп сындап чыгышкан.

Бүгүн парламенттин жыйынында Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы менен сотторун кызматтан кетүүгө чакырып, "матчество" боюнча чечим Кыргызстанда кабыл алынганы уят экенин билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: