super.kg logo

"Бир сезондо 2 миң адам". Өлкөдө кызамык оорусу 2 жумадан бери азая баштады

 

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда экинчи жума катары менен кызамык оорусунун азайышы байкалууда. Бул тууралуу Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда оорунун деңгээлинин 15 пайызга акырындык менен төмөндөшү байкалган.⠀

Кошумчалангандай, өлкөдө бир сезон ичинде эле кызамык оорусу менен ооруган 2 миң учур катталган.

Оору менен жабыркагандардын санынын өсүшүнө байланыштуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында кошумча бөлүмдөр ачылган. Дарыгерлердин айтымында, учурда бейтаптар келүүдө. Алардын көпчүлүгүн эмдөөдөн өтпөгөндөр жана бир жашка чейинки балдар түзөт. Бүгүнкү күндө ооруканада 52 бейтап дарыланып жатат.

Аталган мекеме жарандарга оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүүнү сунуштоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: