super.kg logo

Айыл-чарба министрлигинин кызматкерлери акча алган деген шек менен кармалды

 

Айыл-чарба министрлигинин кызматкерлери акча алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, козголгон кылмыш ишинин алкагында Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин коррупциялык иштери аныкталды. Чүй башкармасынын кызмат адамдарына (1000 сомдон 3000 сомго чейин) белгилүү акчалай сыйлык үчүн "Фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды реэкспорттоо, фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун талаптарын аткарбастан, карантинге алынган продукцияны экспорттоо үчүн шайкештиктин фитосанитардык сертификаттарын беришкен.

Ошону менен бирге жогорку кызмат адамдары купуялуулукту сактоо максатында кызмат адамы менен жүктүн ээси ортосунда ортомчу болгон айрым жеке фирмалар менен сүйлөшүүгө барышкан.

Ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында, департаменттин Чүй башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда Аламүдүн жана Москва райондорунун кызматкерлери тарабынан системалуу негизде акча каражаттарын алуу фактылары катталган. Буга байланыштуу К.Т., К.С., К.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган факты боюнча мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, аныкталган коррупциялык ишке катышкан башка адамдардын бетин ачуу жана жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: