"20дан 22 сомго чейин". Бишкекте жол киренин көтөрүлүшүнө шаардыктар даярбы? (сурамжылоо)
Бишкек мэриясы кайрадан коомдук транспорт үчүн жол акыны көтөрүүнү сунуштады.
Калаа мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Максат Сазыкуловдун айтымында, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугуна жараша жол кире көтөрүлүшү керек. 11 сом бойдон кала турган болсо, 2-3 жылдан кийин автопарк эскирерин билдирген.
Мындан улам автобус, троллейбустар үчүн жол кирени 18 сом 70 тыйын, кичи маршруттук таксилер үчүн 20-22 сомго чейин көбөйтүү керек деген сунуш айтылды.
Аталган маселе буга чейин да көтөрүлүп, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.
Ал эми бул жолу кандай кабыл алынат? Шаардыктардан сурап көрдүк.
Баанын көтөрүлүшүнө жараша жүргүнчүлөргө ыңгайлуулукту талап кылган Сталбек кызы Римма күн сайын жол чыгымдарына 200 сомдой сарптаарын айтты.
"Жол кире акысы 10-15 сом болсо да коомдук транспорттогу мурунку көрүнүш кайталанганы кайталанган. Тыгылган эл, эки саатта жүргөн кичи автобустар, тыгындар, эми болсо жол киренин кымбатташы. Алгач элге ыңгай түзүп беришсин, андан соң кымбаттата берсе болот.
Мисалы, мен окуу жайыма барып келүү үчүн 100 сом коротом. Мен ал жакка баруу менен эле чектелбейм да. Эгер 22 сомго чейин кымбаттаса акчамдын бир бөлүгү эле жол киреге кетет экен. А таксинин баасы асмандын башы", - деди ал.
Окуу жайына баруу үчүн бир эмес эки маршруткага түшкөн Мээрим жол кире акысы кымбаттаса бир топ чыгашага учурарын белгиледи.
Себеби ал бара турган жайга коомдук транспорттор түз каттабайт.
“Мен Сокулуктагы Военно-Антоновка айылында жашайм. Ар күнү саат 06:30да үйдөн чыгып, кечки 6-7лерде келем. Таңда да, кечинде да кичи автобустардын ичи толо эл болот. Жол акыны көтөргөндөн мурун коомдук транспорт таңкыстыгын чечип, элге шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Мисалы, биз жактан Айни көчөсү тарапка бир да кичи автобус түз каттабайт. Окуум ошол тарапта болгондуктан эки маршруткага түшүүгө туура келет. Университеттен чыгып алып кошумча курска да барам.
Эми жол акысын айтсам, эгерде университетке түз барып, түз келе турган болсом күнүнө 60 сомдой кетет. Эгер жол кире акысы дагы кымбаттаса, күнүнө бир топ эле чыгаша болот го”, - дейт ал.
Ал эми акыркы убактарда калаа тургундары үчүн коомдук транспорттордо жакшы шарттар түзүлүп жатканын айткан Ринат Жакыпов эгерде жүргүнчүлөрдү жалаң жаңы автобустар ташып турса, жол киренин кымбатташына каршы эместигин билдирди.
"Учурда мэрия коомдук транспорт үчүн жакшы шарттарды түзгөнгө аракет кылып жатат. Жаңы автобустарды алып келди. Коомдук транспорт үчүн өзүнчө жол чийиндери сызылып жатат. Автобус, троллейбустарды онлайн картадан көрүп турган тиркеме иштелип чыкты. Ошондой эле коомдук транспорт накталай эмес төлөмгө өттү. Шаардыктар дайыма ушул сыяктуу жакшы шарттарды каалап келишкен да. Мен мэриянын акыркы жумуштарын эске алганда жол киренин көтөрүлүшүнө туура эле көз караштамын.
Бирок бир шарт бар. Убада кылынган калган 700 автобус да келсе буйруса шаар маршруткалардан арылат. Жаңы автобустар чындап эле ыңгайлуу экен. Ичи салкын, кенен, киши көп түшсө да билинбейт анчалык. Шаардыктарды ушундай автобустар ташып турса 22 сомго деле ыраазы болуп түшмөкмүн.
Ыңгайлуу эле болуп турса сүйүнүп эле төлөйбүз да", - дейт ал.
Ушундай эле пикирин билдирген Алиаскар мырза кымбатталган жол кирени төлөө менен мамлекетке салым кошо турганын белгилеп, жол киренин кымбатташы нормалдуу экенин айтты.
"Өлкөдө азык-түлүк, кийим-кече, бензиндин кымбаттаганына жараша жол киренин баасынын көбөйүшүнө туура эле көз караштамын. Жакынкы арада каттамдарда жалаң автобус жүрөт деп жатышат. Анын кымбатталган баасын төлөө менен кичине болсо да мамлекетке пайдабыз тиет деп эсептейм. Албетте, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттар каралса...", - деди ал.
Менин оюмча, жол акысынын көбөйүшү туура эле. Бирок мектеп окуучулары жана пенсионерлердин чөнтөгүнө жол акысынын бул баасы чөнтөгүнө туура келбеши мүмкүн. Аларга бир аз жеңилдетилген шарттар түзүлүшү керек деп ойлойм. Мындай пикирин билдирген Бекзат Акималиев жол акысынын көбөйүшүнө жарым-жартылай туура көз карашта экенин билдирди. Мындан тышкары, жалаң окуучулар үчүн өзүнчө автобустар каттамга чыкса жакшы болорун кошумчалады.
Белгилей кетсек, азыркы тапта автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сом, кичи автобуста 15 сомду түзөт.



