super.kg logo

Алдамчылыкка шектелген аял жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап, Түркияга качып бара жатканда кармалды

 

Ошто ири суммадагы алдамчылыкка шектелген аял жаӊы төрөгөн баласын ооруканага таштап, Түркияга качып бара жатканда аэропорттон кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"1991-жылы туулган К.А. аттуу жарандын үстүнөн Ош шаарынын 4 жашоочусу арызданган. Арызда көрсөтүлгөндөй, алар К.А.га жалпы суммасы 698 миӊ доллар акча каражатын беришкен. Анткени К.А. ири партиядагы балдар кийимин жана иштеп жаткан тигүү цехин сатарын айткан. Бирок ал сумманы кайтарып берген эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул кылмыштуу аракетке байланыштуу "Алдамчылык" беренеси (209-берене) менен иш козголгон.

Шектүү тергөөгө бир нече ирет чакыртылган, бирок ал Өзгөн районунан Бишкек шаарына качып кеткен. Жаңы төрөлгөн баласын Бишкектеги ооруканага медицина кызматкерлерине айтпастан таштап, Бишкек-Стамбул багыты боюнча учууга аракет кылып жатканда Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалып, түштүк аймактык бөлүмгө жеткирилген.

Ал эми Бишкектеги оорукана жетекчилиги тарабынан өз баласын таштап кеткендиги боюнча акт түзүлгөн.

Кошумчалангандай, шектүүнүн үстүнөн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан дагы ушул сыяктуу бир нече факты аныкталган. Бишкектик жабырлануучулардын чыгымы 300 миӊ доллардан көп.

Ош шаардык сотунда 31-августта кылмыш иши каралып, келтирилген чыгым ири суммада экендигин жана шектүү качып кетиши мүмкүндүгү эске алынып, шектүүнү 15-сентябрга чейин абакта кармоо чечим чыккан.

Милиция кызматы аталган аялдан жабырлануучулар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына кайрылууну суранат. Байланыш телефондору 03222-4-82-82.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: