MegaPay тиркемесинде санариптик документтер жана кызматтар жеткиликтүү
MEGA «Түндүк» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жаңы пилоттук долбоорду ишке киргизди. Эми «Түндүк» мобилдик тиркемесинин кызматтары жана санариптик документтери MegaPay тиркемесинде жеткиликтүү.
MegaPay аркылуу санариптик документтерге жана 40тан ашык мамлекеттик кызматтарына АКЫСЫЗ жеткилик алуу мурдагыдан да жөнөкөй болуп калды!
MegaPay аркылуу кантип кирүүгө болот?:
- MegaPay тиркемесин жаңылоо же жүктөп алуу (App Store'до жана Google Play'де жеткиликтүү);
- "Сервистер" бөлүмүнөн, «Түндүк» кошумча барагын ачуу;
- андан кийин экранда 14 орундуу жеке идентификациялык номер (PIN) чагылдырылат;
- БИС (бирдиктүү идентификациялоо системасынын) паролун киргизүү зарыл;
- текшерүү кодун алуу ыкмасын тандоо (СМС же Telegram мессенжери аркылуу);
- алынган 6 орундуу бир жолку кодду киргизүү;
- «Кирүү» баскычын басуу.
Даяр!
Кайсы кызматтар жеткиликтүү:
- санариптик документтерди алуу (паспорт, айдоочунун күбөлүгү, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);
- мамлекеттик органдардан маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү алуу (жарандардын катталган жеринен маалымкат, иштеген жеринен маалымкат, жумушсуздун расмий статусу жөнүндө маалымкат, жашаган жеринен маалымат, табылгалар бюросунун кызматын колдонуу ж.б.);
- социалдык төлөмдөр жөнүндө маалымат (бюджетке салык төлөмдөрү боюнча маалымат, мамлекеттик жөлөк пул төлөмдөрү жөнүндө маалымкат, пенсиялык топтоолор жөнүндө маалымат ж.б.);
- медициналык маалымкаттар (наркологиялык каттоодо бар экендиги /жок экендиги жөнүндө маалымкат, психиатриялык диспансерде каттоодо бар экендиги/жок экендиги жөнүндө маалымкат ж.б.);
- катталган автордук укуктар жөнүндө маалымат;
- айыл чарба малынын бар экендиги жөнүндө маалымат жана башка кызматтар.
Документтер Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилип, юридикалык күчкө ээ жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген документтерге теңделет.
MegaPay — жашооңуздагы алмаштырылгыс жардамчыңыз!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:00
2025-06-19
16:49
2025-06-18
14:24
2025-06-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.