Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынына жаңы төрага дайындалды
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп Айбек Мамыралиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентбярда министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Мамыралиев бул кызматка дайындалганга чейин аталган башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Кеңешбай Тайлаков жетектеп келген. Ал 14-августта арыз жазып, ордун бошотуп берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.