super.kg logo

Мектеп окуучулары менен студенттер үчүн жеңилдетилген О! тарифтери каражатыңызды үнөмдөөгө жардам берет 

 

О! Мобилдик оператору мектеп окуучулары менен студенттер үчүн социалдык, жеңилдетилген "Окуучу" жана "Студент онлайн" тарифтерин берүүнү улантат.

Долбоор 2020-жылдан бери иштейт, ал эми тарифтердин баасы рыноктун шарттарына жараша мүмкүн болушунча минималдуу белгиленген. Окуучуларга арналган тариф үчүн абоненттик төлөм жумасына 95 сомдон башталат. Жаш муун бир гана окуу үчүн эмес, достору менен баарлашуу үчүн дагы керектүү бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Тарифтердин ыңгайлуулугу баланс нөлгө түшүп калган учурда да кирүүчү чалуулар жеткиликтүү болуп, балдар менен байланышуу мүмкүн экенинде.

"Мектеп окуучулары үчүн тариф 2020-жылдагы локдаун учурунда аралыктан окууга колдоо көрсөтүүнүн алкагында О! маркетологдору тарабынан шашылыш иштелип чыккан. Ал мезгилде жарым жылга жакын убакыт бою окуучулардын баарына акысыз берилип, баланс нөлгө түшкөн абалында да жеткиликтүү болгон. Сунуш ийгиликке жетип, тарифти калтыруу жана студенттер үчүн вариант иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Тарифтин шарттары толук кандуу билим алуу үчүн зарыл болгон бардык талаптарды эске алуу менен иштелип чыккан", – деп белгилейт О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Кошуу үчүн мектеп окуучуларынан туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, ал эми студенттерден – студенттик билет менен паспорт талап кылынат. O!Store дүкөндөрүнүн бирине кайрылып, же болбосо "Мой О!" тиркемесинен онлайн-каттоодон өтүү аркылуу онлайн кошуп алуу мүмкүндүгү каралган. Тиркемеден "Тарифтер" менюсуна кирип, "Окуу үчүн" категориясын табыңыз. Атайы форманы толтуруңуз. Өтүнмөңүз текшерилип чыккан соң, тариф катталуу ишке ашырылган телефон номерине бир күндүн ичинде автоматтык түрдө кошулат.

О! менен окуу жылы ийгиликтүү болсун!

"НУР Телеком" ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: