super.kg logo

ӨКМ: "Ысык-Көлдө масштабдуу команда-штабдык машыгуу башталды" 

 

Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көлдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин команда-штабдык машыгуусу башталды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, машыгуу "Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралганда жана катталганда Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык, тармактык тутумчаларынын башкаруу органдарынын күч жана каражаттарынын аракеттери" аталышында өтүүдө.

Ага ылайык атайын сценарийдин негизинде облустун аймагында өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Жарандык коргонуу кызматтарынын абалды ыкчам жөнгө салууда башкара билүү, кырсыктын кесепеттерин жоюу, мүмкүн болуучу башка коркунучтарды алдын алуу жана күч каражаттарынын абалы бааланат.

Белгиленгендей, 6-8-сентябрь аралыгында өтө турган команда-штабдык машыгуу облустун 5 районун камтып, Жарандык коргонууну башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлат. Ошол эле учурда коюлган тапшырмаларга ылайык алардын иш-аракеттеринин өз убагында жана белгиленген тартипте аткарылышы бааланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: