Бишкекте дагы бир сквер көрктөндүрүлдү (фото)





"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы тарабынан көрктөндүрүү жана жаңы аянтчаларды куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жашылдандыруучулар борбордун Октябрь районундагы Виноградная көчөсүн бойлой жаңы аянтты көрктөндүрүп жатышат.
Бүгүнкү күндө 583 чарчы метр аянтка брусчатка төшөлүп, 470 линиялык жолдун бордюрлары бүттү.
Ошондой эле сугат лотоктору орнотулуп, 15 отургуч, жарыктандыруу үчүн 23 даана түнкү чырактар жана 15 даана таштанды челектерин орнотуу пландалууда.
Мындан тышкары, жакынкы аралыкта сквердин аймагын жашылдандыруу боюнча 2500 квадрат метр кошумча иштер жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.