Арча-Бешикте жаңы бала бакча ачылды

Иш-чарага билим берүү министринин орун басары Аида Рысбаева, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова жана Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары катышты.
Бала бакча 1,5 жаштан 6 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтөт. Бала бакчада балдарды кабыл алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Эске салсак, долбоор “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында Ленин району боюнча 320 адам каттоодон өткөн. Анын ичинен 200дөн ашык адам окуудан өткөн.
127 адам жеке ишкер катары катталган. Учурда 15 жеке ишкер үй тибиндеги бала бакчаларды ачышты, бул бала бакчалардагы балдардын саны 400гө жакын баланы түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.