super.kg logo

Каныбек Иманалиев эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен жолугушту

 
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда аталган министрликтен билдиришти.
Министр дүйнөлүк билим жарыштарында өлкөнүн намысын коргогон окуучуларды жеңиштери менен куттуктап, алардын бул ийгиликтеринде машыктыруучуларынын эмгеги чоң экендигин белгиледи.
“Кыргызстан Венгрияда өткөн XXXV информатика боюнча эл аралык олимпиадада 90 өлкөнүн ичинен 24-орунду ээлеп, Борбордук Азияда биринчи орунга чыкты. Бул биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик жана сыймык”, - деди Иманалиев.
Ушул жылдын 28-августунан 4-сентябрына чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн эл аралык информатика боюнча олимпиадага 4 окуучу катышып, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышканы кабарланат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: