"Баш байге 100 миң сом". Жалал-Абад шаарында лотерея өткөрүлөт
“Чек талап кылып, байге утуп ал” лотереясы Жалал-Абад шаарында өзүнчө өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, лотерея үчүн жергиликтүү казынадан 1 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.
Лотерея 21-октябрда “Курманбек” стадионунда өткөрүлүп, ага салык чек тиркемесинде аймагы Жалал-Абад шаары деп көрсөтүлгөн жарандар катыша алары айтылат.
"Лотереяга катышкандардын арасынан 129 жеңүүчү аныкталат. Аларга 5 миң сомдон, 100 миң сомго чейин акчалай белектер берилет. Бул мүмкүнчүлүккө катышуу оңой. Ал үчүн калаа аймагында кызмат көрсөткөн жайлардан ККМ чегин талап кылып, салык чек тиркемесинен сканерден өткөрүп, билеттерге ээ болуу талап кылынат.
Белгилей кетүүчү жагдай, Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн лотереяга катышкан билеттер республикалык деңгээлдеги лотереяга да катышып, белектерди утуп алса болот.
Аталган лотереяны жер-жерлерде өзүнчө уюштуруу демилгесин өлкө боюнча биринчилерден болуп, Жалал-Абад шаары колго алды. Анын башкы максаты - жарандардын салыкка болгон сабаттуулугун жогорулатуу, өлкө экономикасын көтөрүү болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.
Жалал-Абад шаардык салык кызматы жарандарды ККМ чек менен иштөөдө активдүү болууга чакырат. Эгер кызмат көрсөткөн жайларда аталган чек берилбесе, салык органдарына анонимдүү даттанууга укуктуу экендигин эскертет.
ККМ аппараты жок же аппарат бар туруп чек бербеген жактарга мыйзам чегинде чара көрүлөрү кабарланат.



