Ош милициясы шаарда батир издегендер алданып жатканын айтты. Алданбоо үчүн эмне кылыш керек?

"Учурда жаңы окуу жылынын башталышы менен батир издеген студенттер дагы Ош шаарыбызда көп. Андан сырткары ички-тышкы миграциядан улам келип, убактылуу батир издегендердин саны дагы арбып бара жатат. Тилекке каршы, алардын айрымдары алдамчылардын капканына түшүп калышууда. Ош шаарында мындай бир нече фактылар катталып, шектүүлөр кармалган", - деп билдиришти Ош ШИИБден.
Жогорудагыларды эске алып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эскертет:
1. Батир берүүчү адам менен жүзмө-жүз көрүшүп, анын батирин жана батирге таандык документтерди көрбөй туруп, акча каражатын бербеӊиз, которбоӊуз. Интернеттеги кулактандыруулардан, фейк батир берүүчүлөрдөн сак болуӊуз!
2. Алдамчылар бирөөнүн батирин суткага же кыска мөөнөткө алып туруп, аларды бир нече адамдарга убадалап, алдын ала акчасын алып, качып кеткен шылуундардан сак болгула! Батир ошол адамга таандык экендигин тактагыла. Шашпагыла!
3. «Сиз алуучу батир» деп алдап, батирдин алдына барып, алдын ала акча каражаттарын алып, үйдүн ачкычын алып келүүгө кеткен боюнча из жашырышкан учурлар бар. Андыктан үйгө кирбей туруп, ынанбай туруп алдын ала акча которбоӊуз, накталай бербеӊиз!
4. Алдын ала батир үчүн ээсин көрбөй туруп, банктык карточкага акча которбоӊуздар!
5. Сөзсүз түрдө батир ээси менен келишим түзүп, анда тараптардын милдеттери көрсөтүлүшү керек. Батир ээси каалаган убакта ар шылтоолорду айтып, же кымбатыраак төлөгөн жарандар келсе үйдөн чыгарып жибербеши керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.