super.kg logo

Садыр Жапаров өзүнүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-сентябрда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Абдикарим Алимбаев аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган, тактап айтканда, Баткен облусундагы инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу отчёт берди.

Ага ылайык, ал 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен шаарында болгон окуялардан улам жабыркаган жарандар үчүн үйлөрдүн курулушу толугу менен аяктаганын маалымдады.

"Мындан тышкары президенттин жарлыгынын алкагында Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, ага ылайык бул айылдар толугу менен кайра курулган. Бүгүнкү күндө өрттөнгөн үйлөр толугу менен калыбына келтирилген. Аталган айылдардын ички жолдору асфальтталган, жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн, ичүүчү суу системасы салынган. Ошондой эле жарандык коргонуу комиссияларынын актыларына ылайык, күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине толук көлөмдө акча каражаттары берилген, машинасынан же малынан ажырагандарга да акчалай компенсациялар төлөнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкө башчы Садыр Жапаров мындан ары да Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн бардык күч, ресурстардын көлөмү улуттук максаттарды жана милдеттерди аткарууга багытталууда.

"Ал аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды, ошол эле учурда бардык долбоорлор кечиктирилбестен өз убагында ишке ашырылышы керек.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун курч маселелерин чечүү жана облусту өнүктүрүү - учурдагы күн тартибиндеги приоритеттердин бири экендигин баса белгиледи", - деп билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: