super.kg logo

9-сентябрдан тарта Ош шаарынын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

 

9-сентябрдан тарта Ош шаарынын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Ош Жылуулук электр борбору кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.

"А.Навои менен Ленин көчөлөрүнүн (Филармония) кесилишинен Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки бөлүк, андан ары Бөрүбаев көчөсүнө чейинки бөлүк (ОшМУ башкы корпус) унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда Ленин жана Мамажан көчөлөрүнүн кесилишинен Бөрүбаев көчөсүнө чейинки бөлүктө кыймыл убактылуу эки тараптуу болот.

Ош шаардык мэриясы унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: