super.kg logo

ИИМ жасалма документтерди колдонгондор жазага тартыларын эскертти

 

ИИМ жасалма документтерди колдонгондор жазага тартыларын эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, акыркы убакта социалдык тармактарда күч органдарынын күбөлүктөрүн сатуу тууралуу жарнактар көбөйүүдө. Ал эми жасалма документтерди даярдоо, сатып алуу жана пайдалануу мыйзамга ылайык сөзсүз түрдө кылмыш жаза жоопкерчилигине алып келет.

"Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын коноктору, даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан аны колдонуу максатында укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документти жасалмалоо, башкача айтканда расмий документке билип туруп анын чыныгы мазмунун бурмалаган жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү. Же болбосо мындай документти сатып өткөрүү, ошондой эле жасалма мөөрдү же мамлекеттик сыйлыкты даярдоо же аларды сатып өткөрүү эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат", - деп билдиришти мекемеден.

Ага ылайык, ИИМ документтерди жасалмалоо же жасалма документтерди колдонуу Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертти.

Мындан тышкары ИИМ жарандарды мыйзамдарды так сактоого, кыраакы, жоопкерчиликтүү жана юридикалык жактан сабаттуу болууга чакырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: