super.kg logo

Бишкекте Кыргызстан менен Венгриянын айыл чарба министрлери жолукту

 

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Венгрия мамлекетинин Айыл чарба министри Надь Иштван баштаган венгриялык делегация менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, министр Аскарбек Жаныбеков агрардык тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда үрөнчүлүк, асыл тукум мал чарбасы, суу ресурстары жана айыл чарба тармагында тажрыйба, билим алмашуу маселелери талкууланды.

Ага ылайык, Венгрия тарап жүгөрүнүн гибриддерин, расмий сыноолорду өткөрүү жаатында кызматташуунун бир нече варианттарын сунуштады. Ошондой эле Кыргызстанга жүгөрүнүн үрөнүн бере турган венгриялык компанияларга бир нече талапкер сунушталды. Мындан сырткары, сугаруунун жаңы венгриялык технологиясы көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: