super.kg logo

"Ош базарын" шаар сыртына көчүрүү демилгесине соодагерлер жана кардарлардын пикири

 

2-сентябрь күнү Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Ош базары", Батыш жана Чыгыш автобекеттери шаардын сыртына жылдырыла турганын билдирген.

Анын айтымында, бул багыттагы долбоор ойлонуштурулууда. Жаз айларында ишке ашырылат.

Ошондой эле ал аталган базардагы ири соода комплекстеринин ээлери каршы эместигин, базарды шаардын сыртына көчүрүү экономикалык жактан пайдалуураак болорун айткан.

Мындай чечимге "Ош базардын" соодагерлери жана калаа тургундары кандай пикирде?

SUPER.KG порталы алардын оюн укту.

Аталган базарда 20 жылдан бери соода кылып келе жаткан Уулкан Базарбаева базардын сырт жакка көчүрүлүшү сатуучулардын соодасына тоскоолдук жаратып, кардарлардын саны азаярын билдирди.

"Мен го пенсионермин, а бул жакта жаш соодагерлер бар да. Алар эми көтөрүлүп келе жатканда базардын сырт жакка көчөрүлүшү соодаларына тоскоолдук жаратат. Ким билет, балким арасында кредит же карыз алып соодасын жүргүзүп жаткандар бар. Мен мындай чечимге каршымын. Базар сырт жакка көчүрүлсө, кардарлардын саны азайышы толук ыктымал. Эл дагы, соодагерлер дагы жаңы жерге көнүшү үчүн көп убакыт талап кылынат. Ортодо соода токтоп жатпайбы.

"Ош базары" - тарыхый базар. Бул жакка келген туристтердин саны да арбын. Базар көркүн бузгандар - жол жээгине чейин чыгып алып, мыйзамсыз соода жүргүзгөндөр. Алар үчүн базардын ичинде толтура орундар бар, ошолорду жайгаштырып тартипке келтирсе эмнеге болбосун. Анан бүтүндөй базарды сырт жакка чыгаруу туура эмес деп эсептейм", - деди ал.

Базардагы сатуучулардын бири Марат Гафаров шаар көркүн жол жээгинде соода жүргүзгөндөр бузуп жатат деп эсептейт.

"Ош базарда" тыгын көп деп жатышат. Албетте, бул унаа токтотуучу жайлардын жоктугунан да. Базарды көчүргөндөн мурда, андагы шартка көңүл бурулушу керек. Негизи жол боюна отуруп соода кылгандардын базар ичинде өз орундары бар. Сыртка чыгып алышып, шаар көркүн бузган ошолор эле да", - дейт соодагер.

Ал эми базарга соода кылганы келген Айтчыбек Урузалиев мэриянын бул демилгесин колдой турганын айтып, базар турган жерде тартип орношун каалаганын айтты.

"Учурда элдин саны да көбөйдү. Ага жараша заманбап, жакшынакай жаңы базар болгону жакшы да. Байкаганыбыздай, "Ош базары" көптөн бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө элек. Балким, ушундай демилгеден улам болбой жаткандыр. Мэрдин мындай мерчемин колдойм. Базар сыртка көчүрүлсө бул жердеги эл да, транспорт да азайып, тартип орнолот эле. Шаар болгондон кийин чет элдик жарандар да көрүшөт да бул жерди", - деди ал.

Ошондой эле ал мындай демилгеге каршы болгон сатуучулар жеке кызыкчылыктарын гана ойлоп, көнүп калган тиричилигин өзгөрткүсү келбей жатат деп эсептеди.

Шаар тургуну Бакыт мырза да учурда бул базарда тартип жок экенин, эгер көчүрүлсө ал жакка барып деле соода кыла берерин айтты.

"Элге ал жакка түз каттай турган транспорттор каралып, жакшы шарттар түзүлүп берсе, көчүрүлгөн жакка деле бара беребиз. Мисалы, "Дордой" базары деле шаар борборунан алыс, муктаждык жаралса барып эле жатпайбызбы. Бул демилгени албетте колдойм. Башаламандыктан арылганыбыз жакшы да", - деди ал.

Эгер базар сыртка көчүрүлсө, эл шаар борборундагы эле соода түйүндөрүнөн керектүү нерселерин алып алышат. Соодагерлерге жаңы жерге көнүп кетүү үчүн кеминде 2-3 жыл керектелет. Мындай пикирин базардагы кийим-кече саткан Гүлназ айым билдирди. Анын айтымында, эл дагы бул жерге көнүп калган, соодагерлер үчүн да ыңгайлуу жай деп эсептейт.

Белгилей кетсек, "Ош базарын" шаардын сыртына чыгаруу демилгеси биринчи жолу көтөрүлгөн жок. Буга чейин да бул сыяктуу демилгелер айтылып, бирок соодагерлердин көпчүлүгү буга каршы болуп келишет.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: