Түптө сел суулары агып өтө турган каналдар казылууда
Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында сел суусу агып өтө турган 5 тилке аныкталып, каналдарды казуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, бүгүнкү күндө 450 метрлик каналды казуу иши толугу менен бүтүп, экинчи объектте иш уланууда.
Буга чейин айылдын күн чыгыш тарабындагы кокту-колоттордон 2-август күнү сел суусу ири көлөмдө келип, турак үйлөргө чейин таштарды агызып келген. Катуу агымдагы суу тилкедеги 10 үйдүн жер төлөсүн каптап, 35 гектар айдоо аянтындагы эгиндерди жууп кеткен. Эми мындай кырсыктын алдын алуу максатында аймакта 700 метрлик канал казылууда.
Ошондой эле райондун Талды-Суу айылында 10дон ашык турак үй жайгашкан жер астынан 1,5-2 метр казганда эле суу чыккандыктан жашоочуларга бир кыйла ыңгайсыздык жаратып, сазга айлануу коркунучу жаралып келген. Учурда бул көйгөй да чечилип, Түп райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 1 техника бөлүнүп, суу өтүүчү дренаж канал казылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.