super.kg logo
  Саясат  

Парламентте мурдагы КМЮАнын студенттеринин көйгөйү көтөрүлдү

 

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мурдагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттеринин көйгөйүн көтөрүштү.

Эл өкүлү Дастан Бекешев мурдагы КМЮАнын студенттеринен бир топ нааразычылыктар болуп жатканын айтты.

"КМЮАнын студенттери Кыргыз улуттук университетине өтүшкөнүн, бирок окуу акысынын баасы андагы юридикалык факультеттин студенттериникинен башкача экенин айтышууда. Унификация дагы деле жок. Абал такыр каралбай калды. Директорлор аларды такыр карабайт. Кыскасы, бир топ нааразычылыктар бар. Негизи студенттер бирдей каралышы керек", - деди ал.

Ал эми Марлен Маматалиев мурдагы КМЮА менен Кыргыз улуттук университетин бириктиргенде бир топ көйгөйлөр жаралганын белгилеп, шарттары жакшы эмес экенин кошумчалады.

"Өзгөчө контракт маселесинде ар бир студенттики өзүнчө экен. Болбосо бир эле факультетте окушат. Ошондой эле бир топ факультеттерди жоюп, айрымдарын башкага кошуп салыптыр. Студент биринчи курстан баштап ошол факультетке барам деп тапшырат да. Студенттер кайсы факультетте окушса, ошону толугу менен бүтүрүп диплом алса жакшы болмок. Мугалимдердин көпчүлүгү да жумуштан алыныптыр. Ушул көйгөйлөрдү карап коюшсун", - деди эл өкүлү.






Жогорку Кеңеш 07.09.23.

Жогорку Кеңеш 07.09.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: