Турсунбай Бакир уулу Ленин округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартты
Турсунбай Бакир уулу Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал УТРКдагы теледебаттын жүрүшүндө айтканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал билдирүүсүндө, башка талапкердин пайдасы үчүн ушундай чечимге барганын жазган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бакир уулунан шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы түшө элек.
Эскерте кетсек, Бишкектин Ленин округуна кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген. Ага 24 талапкер ат салышып жатат. Үгүт иштери 21-августта башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

