super.kg logo
  Саясат  

Депутат Талиева: "Учурунда китеп мафиясын уюштурган министрлерге иш козголгон"

 

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Камила Талиева өкмөттөн тез арада китептин жетишсиздиги боюнча маселеге көңүл буруп, китеп мафиясын жоюусун талап кылды.

Ал бүгүнкү күнгө чейин ата-энелер китеп издеп жүргөнүн белгилеп, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго китеп мафиясын уюштургандарды бир жолго салууну сунуш кылды.

"Базарларда, жер төлөөлөрдө ата-энелердин дүрбөлөңгө түшүп китеп издеп жүргөнүн көрүүгө болот. Бир үй-бүлөдө 10 миң сомго китеп алдым деген ата-энелер бар. Анда баш мыйзамга биз билим берүү бекер деп эмне үчүн жазып коёбуз. Ал эми китеп мафиясы боюнча учурунда министрлерге иш козголгон. Алар жеке басмаканалар менен келишим түзүп алып, мына ушул нерсе бүгүнкү күнгө чейин токтобой жатат. Акылбек Үсөнбековичке кайрылат элем китеп мафиясын бир жолго салбасаңыз ата-эненин чөнтөгүнө күч келип жатат", - деди Талиева.






Жогорку Кеңеш 07.09.2023

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: