super.kg logo

"Милиция туура эмес маалымат берип жатат". Алдамчылыкка шектелип кармалган жарандын апасы үн катты

 

Ош милициясынын "алдамчылыкка шектелген аял жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап, Түркияга качып бара жатканда кармалды" деп тараткан маалыматы чындыкка такыр туура келбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кармалган Айганыш Көкчаеванын апасы Нуржамал Исакбаева билдирди.

"Ош шаардык милициясынын тергөөчүсү Арстанбек Пайизов менин кызымдын үстүнөн арыз жазган Нургазы Өмүрзаковдун тууганы, жердеши болот экен. Алар аркылуу туура эмес маалымат тарап жатат. Менин кызым эч кайда качкан жок. Дарыгерлерден да сурадым. Алар "биз качып кетти деген акт жазып берген жокпуз" деп жатышат. Эмненин негизинде дарыгерлер акт түзүп берди деп жатышат? Дагы бир таң калычтуу жагдай. Кызымдын жалпы жарандык паспортун (загран паспорту) Арстанбек менен Нургазы алып коюшкан. Кантип ал Түркияга качып кетиши мүмкүн? Кызым балдарын бул жакта окутмакчы болуп жаткан. Анткени жаңы төрөлгөн баласы учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер анын реаблитациясына убакыт керек деп айтышкан. Наристеси жакшы болгонго чейин Бишкекте болобуз деп, Оштон балдарынын документтерин, ымыркайына дары-дармек алдырган экен. Аэропортко ошону тосуп алуу үчүн барган. Аны милиция кармаганда жанында билет же башка нерсе да болгон эмес. Аны кармаганга чейин эч кандай "повестка" да келген эмес", - дейт Исакбаева.

Ал арыз жазгандар атайын уюшуп алып, ушундай иштерди жасап жатканын айтты.

"Нургазы Өмүрзаков менен кызым 3-4 жылдан бери чогуу бизнес кылып жүрүшкөн. Бирок алардын эмне иш кылганы жөнүндө менин кабарым жок экен. Кызымдан сурасам айтчу эмес. Нургазы "процентке" акча берип жүргөнүн уктум. Менин кызыма дагы башында башка өлчөмдөгү акча айтылган болсо, эми ал сумма көбөйтүлүп айтылып жатат. Башында арыз жазганда 500 миң доллардын тегерегиндеги сумма көрсөтүлгөн болсо, эми 700 миң доллардан көп сумма айтылып жатат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 6-сентябрда Ош шаардык милициясы ири суммадагы алдамчылыкка шектелген аял жаӊы төрөгөн баласын ооруканага таштап, Түркияга качып бара жатканда аэропорттон кармалганын маалымдаган.

Ош шаардык сотунда 31-августта кылмыш иши каралып, келтирилген чыгым ири суммада экендигин жана шектүү качып кетиши мүмкүндүгү эске алынып, шектүүнү 15-сентябрга чейин абакта кармоо чечими чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: