super.kg logo
  Саясат  

"Автобустарды эмнеге алып жатабыз?". Маматалиев коомдук транспортто жол кирени көтөрүү демилгесин сынга алды

 

Бүгүн, 7-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкекте коомдук транспорттун жол киресин көтөрүү демилгесин сынга алды.

"Миңдеген автобустарды эмне үчүн сатып алып жатабыз? Болгондо да электр энергиясы жана газ менен жүрүүчү автобустарды сатып алуудабыз. Анын биринчи себеби экология болсо, экинчиден жол кире көтөрүлбөсүн деп сатып алып жатабыз да. Алардын чыгымы күйүүчү май менен жүргөн автобуска караганда алда канча арзан болот. Ошондуктан алдырып жатканбыз. Демек, жол кирени эч кандай көтөрбөш керек", - деди Маматалиев.

Ошондой эле ал Ош шаарында борбор калаага караганда күйүүчү майдын баасы кымбат экенине карабай, окуучулар үчүн жол кире 5 сом экенин белгилеп, "Эмне үчүн Бишкекте андай кылбайт?" деп суроо салды.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мэриясы коомдук транспорттордун жол кире акысын көбөйтүүнү пландап жатканы маалым болгон. Мындай чечимди мэрия жол кире жок дегенде өзүнүн чыгымдарын акташы керек болгондугу менен түшүндүргөн.






Жогорку Кеңеш 07.09.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: