super.kg logo

Бишкекте Кыргызстан-Индонезия бизнес форуму өтөт

 

Бишкекте 11-сентябрда Кыргызстан менен Индонезиянын бизнес коомчулугунун катышуусунда форум өтөт. Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында өтмөкчү. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Индонезиянын Кыргызстандагы элчиси Сунарио Картадината менен болгон жолугушуусунда айтылды. Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 7-сентябрда Бишкекте өткөнүн ТИМден билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Индонезия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, халал-индустрия жана патенттик укук чөйрөсүндө кызматташуу, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча перспективалар талкууланды.

Өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында тараптар саламаттык сактоо, маданият, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана спорт тармактарындагы типтүү макулдашуулардын долбоорлорун макулдашуу процессин тездетүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле тараптар эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү боюнча жемиштүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө натыйжаларга жетишүү үчүн мындан ары да күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: