Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан саламаттыкты сактоо министрлигин жетектемей болду
Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Аны министрлик кызматка дайындоо Жогорку Кеңештин макулдашуусуна киргизилди.
Ал эми буга чейин саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарган Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин саламаттыкты сактоо министри болуп келген. 2022-жылдын август айында ал кызматынан бошотулуп, "Алтын-Балалыкка" жетекчи болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.