super.kg logo

"Баласынын абалы оор". Акыйкатчы институту алдамчылыкка шектелип кармалган аял боюнча билдирүү жасады

 

Акыйкатчы институту укук коргоо органдарын аэропортто милиция кызматкерлери тарабынан кармалган К. А. аттуу аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 7-сентябрда Ош милициясынын "алдамчылыкка шектелген аял жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап, Түркияга качып бара жатканда кармалды" деп тараткан маалыматы чындыкка такыр туура келбей тургандыгын SUPER.KG порталына кармалган К.А.нын апасы Нуржамал Исакбаева билдирген.

Ал эми милициянын берген маалыматына таянсак, 6-сентябрда Ош шаардык милициясы ири суммадагы алдамчылыкка шектелген аял жаӊы төрөгөн баласын ооруканага таштап, Түркияга качып бара жатканда аэропорттон кармалганын маалымдаган.

Ага ылайык, Акыйкатчынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган К.А.дан кабар алышты.

"Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан баласы үчүн тынчсызданып жатканын айтты. Институттун кызматкерлери Бишкектеги аялдын баласы жаткырылган оорукананын жетекчилиги менен байланышып, баласынын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтышты.

Ал эми Акыйкатчы институту бала менен аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат. Ошондой эле институттун кызматкерлери К.А.нын ишин мониторинг кылууну улантат.

Бүгүн, 8-сентябрда шектүү К.А.нын баш коргоо чарасы аныктай турган соту болот", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова баш коргоо чарасын кабыл алууда К.А.нын баласынын абалы оор экенин, учурда ага апасы абдан керек экенин эске алууну белгилеп сотко кайрылды.

"Кармалган аялдын жашы жете элек төрт баласы бар. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Сотту ушул жагдайларды эске алууга жана камак менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандап алууга чакырабыз", - дейт Токтосунова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: