super.kg logo

Каныбек Иманалиев Билим берүү министрлигинин жамааты менен коштошту (видео)

 

Кечээ, 7-сентябрда Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулгандан кийин социалдык тармактарда анын башкармалыктын кызматкерлерине кайрылуу жасаган видеосу жарыяланды.

Экс-министр ишеним көрсөткөн президентке, министрлер кабинетинин башчысына, парламентке жана коомчулукка ыраазычылыгын билдирген. Ошол эле учурда министрликте иштөө мүмкүнчүлүгүнө ыраазы экенин, жарым жыл анын өмүрүнүн унутулгус барагы экенин айткан.

"Мен сиздердерге үмүт, "дух" берейин деп келгем. Аны бере алдымбы аны өзүңүздөр билесиздер. Кыргызстандын билим берүү системасы өтө оор абалда. Аны 6 айда көтөрүү өтө кыйын. Биз баштаган иштерди уланткыла. Негизгиси 1 миллион 278 миң окуу куралдарын чыгарышыбыз керек", - деди Иманалиев.

Мындан сырткары ЖРТнын орточо баллын жогорулатуу, жалпы республикалык тестирлөө системасын жакшыртуу жана 2025-жылы өтө турган PISA сынагына даярдануу маселелерин эске салды.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-сентябрда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Иманалиевдин ордуна Уланбек Усеков дайындалган.






Каныбек Иманалиев Билим берүү министрлигинин жамааты менен коштошту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: