super.kg logo

"Барселона" легендалары Израилде достук мелдешин өткөрдү. Ага Роналдиньо катышты

 

"Барселона" легендалары Израилде эки достук мелдешин өткөрүштү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий баракчасында жарыяланды.

Маалым болгондой, беттештер 5-7-сентябрда болгон. "Барселона" клубунун оюнчулары 5-сентябрда Тель-Авивдин "Маккаби" клубун 5:3 эсеби менен жеңип алса, 7-сентябрда Хайфа шаарынын "Маккаби" клубун 5:1 эсебинде жеңген.

Клубдун социалдык тармактагы баракчасынан аталган эки оюнда тең белгилүү футболчу Роналдиньонун катышканын көрүүгө болот.

Эске салсак, 30-августта Бишкекте "Барселона" легендалары менен Борбордук Азиянын ардагерлери оюн талаасына чыгышкан. Уюштуруучулар оюнга Роналдиньонун да катыша турганын айтышкан. Бирок беттешке бир күн калганда бразилиялык спортчунун Бишкекке келбей турганы маалымдалган.

Ал эми жолдоштук беттеште Азиянын ардагер футболчулары "Барселонага" 3:0 эсебинде утулуп калган. Оюндагы голдорду 26-мүнөттө Ривалдо, 37-мүнөттө Хуан Пабло Сорин жана 80-мүнөттө Хавьер Савиола киргизген. Аталган беттеште өлкө башчысы Садыр Жапаров да ойногон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: