super.kg logo
  Саясат  

ТИМ Литва менен Беларусь чек арасындагы абал тууралуу билдирүү таратты

 

Тышкы иштер министрлиги Литва менен Беларустун чек арасындагы жарандардын жана транспорт каражаттарынын топтолуп калгандыгы боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Литва менен Беларустун ортосундагы чек арада Литванын "Шумскас-Лоша" жана "Тверачиус-Видзы" өткөрүү пункттары жабылганына байланыштуу унаалардын кезек күтүүсү байкалууда.

Ага ылайык, чек арада 80-90го жакын Кыргыз жараны жана 70 жүк ташуучу унаа турат. Ошол эле учурда Беларусь тарабынан эч кандай топтоо же чектөөлөр катталган эмес.

"Жеңил жана жүк ташуучу унаалар үчүн "Лаворишкес Литва – Котловка РБ", "Мединкай Литва – Стоун лог РБ", "Шалчининкай Литва – Бенякони РБ", "Райгардас Литва – Привалка РБ" көзөмөл-өткөрүү пункттары ишин улантууда.

Литва тараптан өткөрүү пункттарында Литва тарабынан киргизилген чектөөлөр тууралуу расмий маалымат алуу күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик Кыргызстандын Беларустагы Элчилиги менен биргеликте мекендештерге керектүү жардам көрсөтүү максатында чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: