super.kg logo

Кара-Суу районунда 2 килограмм баңгизат менен эки тургун кармалды

 

Ошто Ири өлчөмдө баңгизат ташыган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кара-Суу районунун аймагында 42 жаштагы Б.К. жана 45 жаштагы М.С. аттуу жарандардын башкаруусундагы Toyota Crown үлгүсүндөгү автоунааны жол кайгуул кызматкерлери текшерүү үчүн токтоткон учурда анын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү качууга аракет кылышкан. Анда жүргүнчү баштыкка оролгон 2 даана затты кылмыштын бетин жашыруу максатында талааны көздөй ыргытып жиберген.

Ага ылайык, автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү кармалды.

Соттук-химиялык экспертизанын натыйжасында табылып алынган баңгизат "каракуурай чайыры" экени аныкталып, салмагы 1 килограмм 992,4 граммды түзгөн.

Кылмышка шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: