Өмүрбек Бакировдун иши тергелип бүтүп, прокуратурага жиберилди
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировдун иши тергелип бүтүп, материалдар Ош облустук прокуратурасына жиберилди. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ырастады.
Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өмүрбек Бакировго “2021-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алган” деген айып койгон.
Бакиров 29-августтун кечинде Ош облустук милициясына сурак берип чыккан. БШК 26-августта аны депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.
18-августта Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген Ош облусундагы бир мандаттуу Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев 6-сентябрда Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык кызматка киришти. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Көк-Жар округунан 2-орунду алган.
