super.kg logo

Маданият министрлиги "Клооптон" сайттагы "анык эмес маалыматты" өчүрүүнү талап кылды

 

Кечээ, 7-сентябрда "Клооп" басылмасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сайттан "Саясатчы Равшан Жээнбековдун СИЗО-1де кыйноого кабылганын айтканы" боюнча макаланы өчүрүп салуусун талап кылганын билдирди.

Маалым болгондой, кечээ кечинде басылманын почтасына сайт жарыялаган макалада жалган маалымат бар экени боюнча кат келген. Министрлик анык эмес маалымат боюнча мыйзамга ылайык, макаланы өчүрүп салууну талап кылган. Бирок билдирүүдө кайсы маалыматтын жалган экени көрсөтүлгөн эмес. Басылма жарыяланган макала боюнча министрликке УКМК арыз жөнөткөнүн маалымдады.

"Эгерде сайттын жетекчилиги тарабынан Kloop.kg сайтындагы такталбаган маалыматтарды алып салуу боюнча бул чечим белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, министрлик аталган сайттын ишин эки айга чейин токтото туруу чечимин кабыл алат", - деп айтылган билдирүүдө.

Министрлик белгиленген мөөнөт катары эки жумушчу күндүн ичинде жалган маалыматты алып салууну талап кылган.

Бул боюнча Маданият министрлиги SUPER.KG порталына фейк маалыматты алып салуу боюнча "Клоопко" кат жөнөтүлгөнүн ырастады. Министрлик УКМК тарабынан арыз келип түшкөнүн билдирди.

"Бизге "Клооп" басылмасынын "Империалисттик Кыргызстан. Эмне үчүн өлкөдө Орусияны колдоп жатышат?" жана "УКМКнын көрсөтмөсү. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады" деген макалалары боюнча арыз келип түшкөн. Биринчи макаладан эч кандай көйгөй тапкан жокпуз. Бирок Равшан Жээнбеков боюнча жарыяланган макаланы иликтеп, Санариптик өнүктүрүү министрлигине алып салуу боюнча кайрылганбыз.

"Клооп" басылмасына жогорудагы материалды алып салуу боюнча эки жумушчу күнүн бердик. Эгер басылма көрсөтүлгөн мөөнөттө алып салбаса, анда сайтты эки айга жабып салуу боюнча экинчи чечим чыгат", - деп билдирди министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.09.2023. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик уже буйрук бере баштаптыр го,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: