super.kg logo

"№100, №105, №212...". Бишкекте маршруткалар кайрадан каттамга чыгышты

 

Бишкекте №100, №105, №152, №195, №212 номердеги кичи автобустар кайрадан каттамга чыгышты. Бул тууралуу маалыматты мэрдин орун басары Максатбек Сазыкулов SUPER.KG порталына маалымдады.

Анын айтымында, №100, №105, №152, №195, №212 каттамдарына келген автобустар толугу менен өздөрүнүн каттамдарын толук жаттап, көнүп алганга чейин убактылуу чыгып турушат.

"Биз кичи автобустарды убактылуу эле жумушка чыгардык. Учурда 20га жакын маршруткалар каттамга чыгышты. Биз автобустар өздөрүнүн каттамдарын толук билип алганга чейин кичи автобустардан жумушка чыгып берүүсүн сурандык. Ошондой эле аталган каттамдарга канча автобус керектелери билингенден кийин кичи автобустар кайрадан каттамдан чыгарылат", - деди Сазыкулов.

Эске салсак, 31-августта №100, №105, №152, №195, №212 кичи автобустардын ордуна жаңы автобустар каттамга чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: