super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Шаньдун провинциясынын Компартиясынын партиялык комитетинин катчысын кабыл алды 

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Линь Уну кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда маданий-гуманитардык, туристтик жана соода-экономикалык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

"Мамлекет башчысы май айында Шаньдун провинциясына болгон жемиштүү сапарын жана Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Линь У менен жолугушуусун жылуу маанайда эстээрин, ошондой эле Кыргызстан менен провинциянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү пландарын белгиледи.

Садыр Жапаров Кытайга болгон сапарынын алкагында кыргыз делегациясынын облустун экономикалык, социалдык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктери менен таанышып, бир катар ишканаларды кыдырып, эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосунда ишкердик байланыш түзүүгө болгон жакшы мүмкүнчүлүгүн эске салды. Буга байланыштуу президент Кыргызстан менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнү улантуу зарыл деп эсептейт", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Линь У Садыр Жапаровго кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, акыркы жылдары эки тараптуу мамилелер тынымсыз тереңдеп, эки өлкө лидерлеринин жетекчилиги астында жаңы деңгээлге чыкты.

Мындан тышкары, Линь У алар кыргыз тарап менен биргеликте практикалык кызматташтыкты активдештирүүгө, соода-экономикалык долбоорлорду илгерилетүүгө жана Кыргызстан тарабынан автобустарды сатып алуу долбоорунун ийгиликтүү мисалында ар түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты ишке ашырууга даяр экендигин ишендирип өттү.

Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана Шаньдун провинциясы менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: