Бишкекте троллейбустардын техникалык абалы текшерилди

Бишкекте бардык троллейбустардын техникалык абалы текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкекте бардык коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү.
Ага ылайык, "Бишкек троллейбус" башкармалыгынын бөлүм башчылары жана жетекчилиги Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын ТКБнын кызматкерлери менен биргеликте текшерүү иштерин жүргүздү.
"Рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар текшерилди. Талапты аткарбаган троллейбустардын айдоочуларына Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери протоколдорду түзүштү", - деп айтылат маалыматта.
Рейд таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлдү. Айрым троллейбустар оңдолуп, линияга чыгарылды.
Белгилей кетсек, күнүнө орто эсеп менен 120 троллейбус каттамга чыгат.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.