super.kg logo

Wildberries Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн эки жумага токтотту

 

Кыргызстандын аймагында Wildberries компаниясы эки жумага өз ишин токтотту. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Маалым болгондой, Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев менен Wildberries компаниясынын өкүлү Максим Губанов жолугушуп, аталган платформа аркылуу Кыргызстандан товар ташууга байланышкан олуттуу маселелерди талкуулашты. Анда компаниядан Казакстан айрым документтерди берүүсүн талап кылганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу Wildberries Кыргызстандан товар жөнөтүүнү эки аптага токтоткон.

Палатадан билдиришкендей, күн сайын Wildberries аркылуу Кыргызстан жалпы суммасы 25 миң доллардан ашкан 5 тоннадай товар жөнөтөт.

"Мындай жагдай бул платформа аркылуу иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн. Соода-өнөр жай палатасы көмөк көрсөтүүгө даяр. Аба каттамы жана темир жол аркылуу товарларды жөнөтүү сунуштары болгон. Бул варианттардын баары кылдат изилденет",- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 22-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Wildberries ЖЧКнын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчук менен жолугушкан. Анда компания Чүй облусунун аймагына ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: