Бишкектин Ленин округундагы шайлоо тилкелери текшерилди
Бишкектин №26 Ленин шайлоо округундагы участкалык шайлоо комиссиялары текшерилди. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, анда № 1053, 1045, 1063, 1036 шайлоо участкаларынын даярдыгы каралды. Мында шайлоо участокторунун материалдык-техникалык жактан камсыздалышы, ошондой эле ар бир шайлоо участогунда шайлоочулардын коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптардын камсыздалышы текшерилди.
Ленин районунун аймагында 51 шайлоо участкасы бар. Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Буга чейин кабарлангандай, эртең, 9-сентябрда 111 шайлоочу шайлоо тилкесинен тышкары жерден добуш берет.
Бардык шайлоочулар тизмеден өзүн тактап, УШКнын жайгашкан жерин билүү үчүн 119 номерине ПИНди жөнөтүү керек.



