super.kg logo

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө (видео)

 

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын корпустары оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 6 бөлүмү оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлүүдө.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, оорукананын корпусунда 1980-жылдан бери бир дагы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Ковид башталгандан бери 2,5 жыл ушул корпусту колдонушкан.

"Бул оорукана 1980-жылы курулган. Ошондон бери бир дагы жолу капиталдык оңдоо иштеринен өткөн эмес. Оорукананын суу түтүктөрү чирип кеткен. Электр зымдары да иштен чыгып калган. Ковид убагында 2,5 жыл ушул оңдолуп жаткан корпустар иштеди. Биз өкмөткө оорукананы оңдоп берүүсүн суранып бир нече жолу кайрылганбыз. Негизинен бул ооруканада жалпы 6 бөлүм бар. 200 койкалуу. Кудай буйруп оңдоо иштери бүтүп калса, анда биздин кызматкерлер үчүн да жакшы шарттар түзүлүп калат деген ойдомун", - деди дарыгер Аалиев.

Оңдоо иштери Дүйнөлүк банктын "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.






Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: