super.kg logo

Нарындагы окуучуларга президенттин атынан эки кичи автобус белекке берилди

 

Нарындын Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы мектеп окуучуларга президент Садыр Жапаровдун атынан эки кичи автобус белек кылды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалымдалгандай, мындан ары балдар кышында суукка тоңбой жаңы унаалар менен окууга барышат. Буга чейин айыл өкмөтү тарабынан атайын унаа уюштурулуп, алыс жерде жашаган окуучуларды ташычу.

Миң-Куштагы үч мектепте жалпы жонунан 567 окуучу билим алат. Аларга 63 мугалим сабак берет.

Ал арада Казакстандын Алматы шаарында жаңы окуу жылынан тартып мектеп автобустары иштеп баштаганы кабарланган. Пилоттук долбоордун негизинде 100 автобус сатылып алынып, окуучуларды бекер ташып жатканы айтылган.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июлунда президент Садыр Жапаров Миң-Куш айылынын жергиликтүү калкы менен жолугуп, анда эл балдарды ташыган автоунаа берүүсүн суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: